icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткенде 500 орундуу мектептин фундаментинин техникалык абалына изилдөө жүргүзүлүлдү

Мамкурулуштун алдындагы Жер титирѳѳгѳ туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын адистери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы БАМ участкасындагы 500 орундуу мектептин фундаментинин техникалык абалын инженердик изилдѳѳ иштерин жүргүзүштү.

Изилдѳѳнүн негизги максаты болуп, мектепте окуган балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн фундаменттин конструкцияларына комплекстүү баа берүү болуп саналат.

Институттун адистери деталдуу талдоо жүргүзүп жана фундаменттин техникалык абалы боюнча маалыматтарды чогултушат. Маалыматтардын негизинде фундаменттин техникалык абалы боюнча техникалык корутунду берилет.