icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунун аймагында жайгашкан социалдык курулуштар текшерилүүдө

Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ош облусунун аймагындагы социалдык курулуштарды текшерип жатат. Курулуштарды текшерүү учурунда Мамкурулуш агенттигинин "Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору” мекемесинде курулуш индустриясынын ишканаларынын курулуш материалдарына лабораториялык сыноолорду милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндөгү, 2023-жылдын 23-ноябрындагы №213 сандуу буйругун талаптарын ишке ашыруу максатында, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун түштүк региондук башкармалыгынын кызматкерлерин алып барып пайдаланылып жаткан курулуш материалдарына лабораториялык сыноо иштерин жүргүздү. Мындан ары курулуш материалдарын пайдаланууда, сапатына дыкат көңүл бурулмакчы.