icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттигине кайрылган жарандардын арыздары жеринен каралууда

КР Мамкурулуш агенттигине кайрылган жарандардын арыздары жеринен каралууда


Мамкурулуш жарандардын арызына байланыштуу Горький/Радищев кчлрнн кесилишинде жайгашкан  «Легенд Девелопмент» ЖЧКсын текшерүү боюнча көчмө комиссия түзүлүп, объект жеринен текшерилди.


Арыз ээлеринин катышуусу менен бирге комиссиялык иш-чаранын жүрүшүндө Мамкурулуш агенттигинин  директорунун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын директору Эрназарбек Сүйеркулов  жогоруда аталган объект боюнча Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлоруна  «Легенд Девелопмент» ЖЧКсынын мыйзамсдуулугу аныкталганга чейин курулуш иштерин токтотууну жана мындан тышкары тиешелүү тапшырмаларды берди.


Арыз ээлерине  айтылган бардык аргументтер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


КР Мамкурулуш агенттигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти курулуш-монтаждоо иштерин бекитилген долбоордук документацияга ылайык, курулушта бардык коопсуздук нормаларын сактоо менен жүргүзүүнү курулушчуларга эскертет.