icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө


Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди инвентаризациялоо жана демонтаждоо иштерин улантууда.


Бүгүнкү күндө 50дөн ашык объектилер демонтаждалган, анын ичинен 40 объекти өз ыктыяры менен уруксатсыз орнотулган орнотууларды демонтаждашкан. 


Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган объектилердин ээлери өз ыктыярлары менен мыйзамсыз кеңейтүүлөрдү демонтаждоо иштерин башташты.


Бүгүнкү күндө Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо  башкармалыгы тарабынан автотрассалардын жээгиндеги жерлерге, жол боюндагы тейлөө объектилерин (анын ичинде соода) мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.