icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жээгиндеги объекттердин мыйзамдуулугу текшерилди


Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын Сокулук райондук архитектура бөлүмү жана Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун аныктоо жана уруксатсыз курулуштардын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлдү. 

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлгөн.