icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Кан-Ачуу" Мамлекеттик жаратылыш паркынын административдик имараты мыйзамсыз деп табылды

КР Мамкурулуш агенттигинин Жалал-абад регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Жалал-абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Кожалиев №72 дарегинде жайгашкан «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын административдик имаратынын курулушу пландан сырткары текшеруу жүргүзүлүп, жыйынтыгында эч кандай курулушка тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабастан мыйзамсыз курулушу бүткөрүлүп баало актысы жок колдонууга берилип иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул иш боюнча «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркына жана куруучуга ОсОО «Гранд Профи Кей Джи» АКТ түзүлүп Эскертме берилип КР укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде  200 минден 400мин айып пул салынды. Ошондой эле текшерүү учурунда Нарын электр тармактар ишканасынын Тогуз-Торо филиалы мыйзамсыз обьектиге электр кубатын кошууга эч кандай доолбоор сурабастан техникалык шарт берип, электр кубатын кошуп, мамычаларды жердетүүсүз орноткондугу аныкталды.

Бүгүнкү күндө «Кан-Ачуу» мамлекеттиик жаратылыш паркынын административдик имаратынын электр кубаты ажыратылып. Тогуз-Торо электр тармактар ишканасына КР укук бузуулар жонундогу кодекстин негизинде 13 мин айып пул салынды.