Учурда, КР Мамкурулуш агенттигине караштуу Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан район ичиндеги убактылуу жеңил объекттерди жана маалымат жарнак түзүмдөрдү тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, архитекторлорунун катышуусунда көчмө жумушчу комиссия түзүлүп, тийиштүү иш-чаралар алынып барууда.
Ошондой эле, мыйзамсыз коюлган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Дизайн-код” боюнча да кенен маалымат берилди. Чүй району боюнча азыркы учурда мыйзамсыз 25 тен ашык объект демонтаж болду.