icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кара-Суу районундагы "Ош-Азия" ЖЧКсы өндүрүп чыгарган кара кыштын сапаты текшерүүгө алынды

Курулушта сертификаттонун Туштук Регионалдык Башкармалыгынын башчысы Азимов Залкарбек Сайдалимович жана башкармалыктын адистери тарабынан Ош областынын, Кара-Суу  районундагы  «Беш-Бадам» участкасында жайгашкан жоопкерчилиги  чектелген коомунун (ЖЧК)  «Ош-Азия»  өндүрүп чыгарган карапа кышына сертификацияланган продукцияны  шайкештик талаптарга туура келүүсүн тактап билүү максатында  пландагы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү. Жалпы техникалык талаптарга  конул буруу менен карапа  кышына, негизги параметрлери жана  номиналдык өлчөмдөру, сырткы көрүнүшү, өлчөмү, формасы боюнча  текшерүү жүргүзүлдү. Анан өндүрүштү  иштөө процесстерин толук таанышып чыгып, текшерүүнүн жүрүшүндө  кирпич заводдон сыноо лабораториясына сыноо жүргүзүү учун карапа кышынын үлгүлөрү нормативдик негизде алынды. Жалпы кирпичтин сапатына, бекемдүүлүгүнө  болгон текшерүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары да ар бир кирпич жана бетон  өндүрүп чыккан заводдорго  текшерүү иштери уланат.