icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Боконбаев айылындагы мыйзамсыз деп табылган жарнамалык такталар буздурулууда

Тон районунун шаар куруу жана архитектура боюнча  башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кун-Чыгыш айыл аймагынын айыл окмоту тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарууда, ошондой эле курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Боконбаев айылынын ички унаа жолунун боюнда жайгашкан объектилерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен демантаждоо иштерин жүргүзүштү. Аны менен бирге 8 ашык объекттин ээлери бир жумалык мөөнөттө мыйзамсыз болуп табылган объектилерин бузууга кепилдик беришти.