Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024- жылдын 4-июнундагы № 18-2234 тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин отурумунда майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин жеткиликтүүлүгү боюнча баяндама жасады.
Жыйын офлайн жана онлайн форматында видео- конференциялык байланыш режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри жыйынга видео- конференциялык байланыш режими аркылуу катыша алды. Аталган жыйында бир нече маселелер көтөрүлүп, талкууга алынды.