icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш жарандардын маселелерин текшерди

Бүгүн 2024-жылдын  3-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суэркуловтун жана арыз ээлеринин катышуусу менен Бишкек шаарындагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшерди. 

Жарандардын маселелери жеринен текшерилип, көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча,  Бакай Турдугулов тиешелүү ведомстволук башкармалыктарга тапшырмаларды берди. Мындан сырткары мурдагы Batumi ресторанынын ордуна салынып жаткан жаңы парктын курулушунан кабар алды.