icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги Өзгөн районунун Чымбай айылындагы Т.Сарыков атындагы мектептин жаңы имаратын курууда.

Курулушу иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, 3 блоктон турат, 2 кабаттуу окуу корпус, спорттук залы, өтмө голериясы менен салынууда.  

Бүгүнкү күндө мектептин курлуш иштеринин 85 пайыз жумушу бүткөрүлдү. Учурда айланасын көрктөндүрүлүп жана откана көмүр сактоочу жайы курлууда. 

Эске салсак эски мектеп 1984-жылы салынган, андан бери капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн эмес.