Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда.
Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып 2015-жылы курулушу башталган.
Мектептин эски имараты 1958-жылы ашар жолу менен салынып, ал эми 1982-жылы экинчи корпусу салынган. Бул жылдар аралыгында имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, авариялык абалга келип калган.
Бүгүнкү күндө жаңы курулуп жаткан корпустун экинчи кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.