icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ошто жаңы бала бакчанын курулушу уланууда

Мамкурулуш агенттиги Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылында 140 орундуу бала бакчаны курууда.  Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп бүттү. Учурда полду орнотуу жумуштары, балдар үчүн 4 жайкы беседка куруу иштери жүргүзүлүүдө. 

Бала бакча 2 кабаттуу тик бурчтуу формада, аянты 1129 чарчы метрди түзүп, долбоор боюнча дагы ажааткана, откана жана көмүр сактоочу жай, оюн аянтчалары жана 4 жайкы беседка каралган.