icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жумгал районунда 225 орундуу мектептин курулушу уланууда

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда.

Курулуш иштери 2016-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 60 пайызга бүткөрүлдү. 

Эски мектеп 1964-жылы ашар жолу менен салынган, экинчи корпусу 1984-жылы "фин" тибинде курулуп, сырты жарым кирпич менен капталган. Бул жылдар аралыгында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, авариялык абалга келген.