icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

«Ак-Ордо-3» калктуу конушунда социалдык объектилердин курулушу уланууда

Бүгүн Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев «Ак-Ордо-3» конушунун 484-контурунун жашоочулары менен жолугушту. Ал жерде аянты 18 га түзгөн жер тилкесинде социалдык объектилердин курулушу жүрүүдө. 

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. 

Мамкурулуш тарабынан 0,98 га аянтында 280 орундуу бала бакчанын жана аянты 1 га аянтында 100 орундуу оорукананын курулуш иштери башталган. 

Жакынкы күндөрү 4 гектар жерде республикалык бюджеттин эсебинен 1500 орундуу мектеп башталат. Ошондой эле РФ тарабынан каржылануучу 1224 орундуу дагы бир мектепти куруу пландалууда.

Бул жерде парк жана башка инфраструктуралык объектилер да курулат.