icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй районундагы жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу, Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамилия Исаева менен Чүй районунун Кошой айылындагы мектептин курулушун жеринде текшерди. 

Мектеп эки кабаттуу 225 окуучуга ылайыкталган окуу корпустун аянты 1455 чарчы метрди түзөт.  Объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. 

Учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү  жылы пайдаланууга берүү пландалууда.