icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абадда айыл тургундары үчүн жаңы оорукана салынууда

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылынын эли үчүн жаңы оорукана курулууда.

Оорукананын курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга бүткөрүлдү. Учурда сырткы фасаддын боё жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Объекттин курулушу 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет, эки кабаттуу имараттан турат, жалпы аянты 2379 чарчы метрди түзөт.  Куруу иштерин “Сантехмонтаж” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалып жатат.