icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш тармагында Кыргыз-Кытай кызматташуусу боюнча сүйүлөшүүлөр жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу, ошондой эле имараттарды жана курулуштарды курууга жаңы ыкмаларды киргизүү максатында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Б.К. Станбеков Кытайдын «Broad Group» компаниясынын өкүлдөрү менен видеоконференция уюштурду. 

Аталган компаниянын ишмердүүлүгү “панелдик” модулдарды өндүрүштө жана монтаждоодо негизделген объекттерди курууга багытталган.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш иштеринин жана мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорун ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Мындан тышкары, Б.К. Станбеков Кыргыз Республикасынын аймагында “Broad Group” компаниясы үчүн адистештирилген завод куруу демилгесин сунуштады.