icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш жетекчилиги менен "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин экономикалык өнүгүүсүнүн ишкердик борбору" ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) жетекчилиги менен "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин экономикалык өнүгүүсүнүн ишкердик борбору" ассоциациясынын өкүлдөрү К.Г. Авагимов, И.М. Вавилова менен жолугушуу болуп өттү.

 Иш-чаранын алкагында тараптар мамлекеттер аралык курулуш ишкердүүлүгүндөгү интеграциялык процесстерди, курулуш тармагындагы кызматташууну жана инвестиция маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамкурулуш менен ассоциациянын ортосунда жогорудагы багыттар боюнча макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары, Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаев быйыл КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "КМШга 30-жыл" юбилейлик ордени менен сыйланды.

Эскерте кетсек, Мамкурулуш КМШнын курулуш ишкердүүлүк кызматташтыгы боюнча эл аралык кеңештин мүчөсү.