icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көлдө 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылында 100 орундуу бала бакчаны курууда. 

Объекттин курулушу 2022-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Куруу иштерин “Сириус Строй” ЖЧКсы жүргүзүүдө. 

Бала бакча эки кабаттуу 947 чарчы метрлүү имараттан турат. 

Бүгүнкү күндө, курулуш-монтаждоо иштери дээрлик аяктап калды, үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.