icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунда 275 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүүдө

Мамкурулуш агенттиги учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кайрагач айылындагы 275 орундуу мектептин курулушун жүргүзүп жатат. Объекттин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. 

Мектептин долбоорунда  2 кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, жыйындар залы, откана жана көмүр сактоочу жайы, суу сактоочу кампа, сырткы волейболдук жана футболдук аянтчалары каралган. 

Мектептин курулуш жумуштары “Сафари” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.  Бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулуп бүттү, курулуш иштери активдүү уланууда.