Мамкурулуш агенттиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Акбаров атындагы №16 мектептин кошумча корпусун курууда.
Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.
Мектеп эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иштерин “Монолит строй” ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата эки кабаттын дубалы тургузулду, учурда курулуш-монтаждоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.