2024-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосунда курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө Протоколго кол коюлду.