icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги Ысык-Көл облусунун Түп районунун Байзак айылында 100 балага ылайыкталган бала бакчаны курууда.


Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. 

Бала бакча эки кабаттуу 947 чарчы метрлүү имараттан турат. Курулуш жумуштары  “Белек и Ко ЛТД” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.  Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 80 пайыздык жумушу бүткөрүлдү.