Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан башталган. Кошумча окуу корпустун аянты 2655 чарчы метрди түзөт.
Учурда окуу корпусунун биринчи блогунун чатырын жабуу, экинчи блоктун үчүнчү кабытынын дубалын тургузуу иштери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалып жатат.