icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунда жаңы бала бакча салынып жатат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. 

Бала бакча эки кабаттуу, жалпы аянты 1079 чарчы метрди түзгөн имараттан турат, учурда дубалы тургузулуп, чатыры жабылды.

Курулуш жумуштары “Араван Ремстрой” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат.