icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.

Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күнгө карата дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички-сырткы курулуш иштери жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.