icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ноокатта “Жаш-Жеткинчек” атындагы бала бакчанын курулушу жүргүзүлүп жатат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун Нарай айылында 100 орундуу “Жаш-Жеткинчек” бала бакчанын курулушу уланууда. 

Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш монтаждоо иштери “Баасыз Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бала бакча тик бурч формасында эки кабаттуу, аянты 997 чарчы метрди түзөт.   

Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, сырткы жана ички курулуш иштери аткарылып жатат. 

Эски бала бакчада 3 жаштан 6 жашка чейинки 90 бала тарбияланып жатат.