icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда 275 орундуу Ш.Сүйөркулов атындагы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Кыргыз спецстрой” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. 

Объектинин жалпы аянты 1605 чарчы метрди түзөт, окуу корпус эки кабаттуу “А” жана “Б” блоктон турат. 

Бүгүнкү күндө мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Учурда сырткы жана ички курулуш иштери аткарылып жатат.