icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен облусунда 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Баткен районунун Таян айылында 150 орундуу мектеп курулууда. Объект 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

 Курулуш-монтаждоо иштери “Автоэнергоснаб” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Мектеп эки кабаттуу окуу корпустан, өтмө галереядан, ашкана жана спорттук залдан турат, жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулду, учурда чатырын жабуу, ички жана сырткы курулуш иштери аткарылып жатат. Үстүбуздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.