icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жала-Абад облусунун Ноокен районунун Кокондук айылындагы №39 мектебине спорттук зал курулуп жатат.

 Объект 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

 Курулуш-монтаждоо иштери “Раян Ош ЛТД” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Имараттын жалпы аянты 477 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө спорттук залдын  дубалы тургузулду, чатыры жабылып, фасадын боё иштери бүткөрүлгөн. Учурда  айланасын көрктөндүрүү иштери жургүзүлүп жатат. Үстүбуздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.