icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Лейлек районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун Лайли айылында 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштерин “Кадамжай ШСУ” ААК аткарууда. Мектеп эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук залы менен курулууда, объекттин жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 75 пайызды түзөт. Учурда айланасын көрктөндүрүү жана ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда.