icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ар бир шаар аймактардын көчө инфраструктурасын тартипке келтирүү, ошондой эле калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Аталган иш аракеттердин алкагында, Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Алай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана жергиликтүү айыл өкмөттүн катышуусунда Гүлчө айылынын борбордук көчөлөрүндөгү, Ош-Эркештам-Сары-Таш жолундагы, Алымбек Датка көчөсүндө жана Нарматов көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан тиешелүү талаптарга жооп бербеген 9 дана жарнак калканчаларын алып салуу иштери жүргүзүлдү.