icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абадда 275 орундуу мектеп курулуп жатат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Карача айылында 275 орундуу мектеп курулуп жатат. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери “Кубай” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Мектеп “А” жана “Б” блоктон турат, жалпы аянты 1974 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички жана сырткы курулуш иштери активдүү жүрүүдө.