icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сокулук районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында 140 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу уланууда. Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. 

Бала бакча эки кабаттуу, курулуш-монтаждоо иштерин “Чин Алин” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. 

Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички жана сырткы курулуш иштери жүрүүдө.