icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын жана Тогуз-Булак айылындагы 275 орундуу мектептин курулуш иштерин текшерди.

Бала бакча республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2023-жылы башталган. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат куруу каралган, аянты 946 чарчы метрди түзөт. 

Ал эми мектептин курулушу 2022-жылы башталып республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттуу жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.