icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы 375 окуучуга ылайыкталган мектеп курулуп жатат.

Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери “Байэл” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Мектеп эки кабаттуу, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Объекттин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 65 пайыздык  жумушу бүткөрүлдү. Алсак, окуу корпустун дубалы тургузулуп, чатыры, эшик-терезелери орнотулду. Учурда ички жана сырткы курулуш иштери уланууда. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.