icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сокулук районунда 500 орундуу мектеп-лицей курулуп жатат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айылындагы мектеп-лицейдин кошумча корпусу курулуп жатат. Мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштерин “Строй Компания Лидер Хаус” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, төрт эки кабаттуу окуу корпустар жана ашкана 500 окуучу орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3003 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө имараттардын 2-кабатынын дубалдары тургузулуп, темирбетон плиталарын орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.