icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды.

 Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.  

Бала бакчанын курулушу “Темир-Стройсервис” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Бала бакча эки кабаттуу тик бурч формада, объекттин жалпы аянты  870 чарчы метрди түзөт. 

 Подряддык уюм тарабынан бала бакчанын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Жалпысынан объекттин курулуш даярдыгы 85 пайызды түзөт. Учурда айлынасынын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.