icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Ачы айылындагы мектептин курулуш жумуштары 70 пайызга аткарылды.

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштерин “Ак Тилек Курулуш” ЖЧКсы жүргүзүүдө. 

Мектеп 225 орунга ылайыкталган,  эки кабатуу 4 блоктон турат. “А” жана “Б” блоктору окуу корпустары, “В” блогу өтмө галерея жана “Г” блогу спорттук зал.  Объекттин жалпы аянты 1791 чарчы метрди түзөт. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берилет.