icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды.

Объекттин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери “СК-Универсал” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча эки кабаттуу бала бакча, откана, көмүр сактоочу жай,  ойноочу жай, суу сактоочу кампа, сырткы ажааткана каралган. Имараттын аянты 3532 чарчы метрди түзөт. 

 Объекттин курулуш даярдыгы 85 пайыз. Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.