icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бүгүн, 5-августа Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Кабар" маалыматтык агентигинде болгон пресс-конференцияда 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Маалымат боюнча, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине 2024-жылы 522 курулуш жана капиталдык ондоп-түзөө социалдык объекттеринин Тизмеси бекитилип, 6 млрд сомдон ашык акча каражаты каралган. 

Бүгүнкү күндө, үстүбуздөгү жылдын 1-июлуна карата жалпы  республика боюнча 33 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү. 

Белгилей кетсек, учурда 190 объекттин долборлоо жана 300гө жакын объекттерде курулуш жана ондоп-түзөө жумуштары  жүргүзүлүүдө.