icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Таласта жаңы бала бакчанын курулушу жакынкы күндөрү бүткөрүлөт

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштерин «Ак-Ниет Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бала бакча эки кабаттуу, жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө объект 89 пайызга даяр, учурда имаратта ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жургүзүлүүдө.