icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Таласта 375 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Мамкурулуш агенттиги Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Батырбашиев атындагы мектептин курулушун бутуруу алдында турат. 

Мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери «Бек-Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. 

Долбоор боюнча мектеп төрт блоктон турат, эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган окуу корпустар, спорттук зал, өтмө галерея. Объекттин жалпы аянты 2859 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө, курулуш-монтаждоо иштери 96 пайызга бүткөрүлдү, учурда спорттук залдын ички жумуштары аткарылууда.