icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Дагы бир жаңы мектеп! Нарында 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы мектептин курулушу аяктап калды. Объектинин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. 

Мектептин курулуш-монтаждоо иштерин “Тунук Курулуш” ЖЧКсы жүргузүүдө. 

Долбоор боюнча эки кабатуу окуу корпус, ашкана, спорт зал, өтмө галерея курулат. Объекттин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт. 

Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 90 пайызды түзөт.