icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Куруучулар аллеясынын" ачылыш аземи болуп өттү.

2024-жылдын 9-августунда куруучуларга арналган "Куруучулар аллеясынын" ачылыш аземи болуп өттү. 

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Н. К. Орунтаев, Мамкурулуштун мурдагы жетекчилери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучулары жана архитекторлору, архитектура жана курулуштун ардагерлери. Ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Аталган аллеянын курулуш иштери 2024-жылдын июль айларында башталган. Куруучулар аллеясында курулушту чагылдыруу үчүн боз үй анын ичинде жети облустун айкели чагылдырылган жана курулушту чагылдырган кран орнотуруп,  "куруп келгенбиз, куруп жатабыз мындан ары дагы кура беребиз" деген монумент жайгаштырылган. 

Бул Куруучулар аллеясы төмөндө аталган демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулду.  

1. "Авангард Стиль" ЖЧКсы 

2. Delmar group

3. ⁠ Jibek City ЖК

4. ⁠ БайТаш групп 

5. ⁠Turpan Stroy