icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Курулушта Сертификаттоонун Республикалык борборунун башкы лабораториясынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Салтанаттуу ачылыш аземине Мамкурулуштун ардагерлери катышты. 

Лабораториянын жаңы имаратын куруу Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн жана курулуш компаниялардын колдоосунда жүргүзүлдү. 

Борбор калаанын Чокон Валиханов №2 дарегинде жайгашкан лабораториянын куруу иштери 2024-жылы башталып, ушул эле жылы толук бүткөрүлдү.   

Курулушта Сертификаттоонун Республикалык борбору Мамкурулуш агенттигинин алдындагы бирден бир институту болуп эсептелет. Республика боюнча жүрүп жаткан курулуштардын сапаттуулугун текшерип далилдеп келет. Буга чейин текшерүү лабораториясы ар башка даректерде жайгашып, айрымдары ижарада болчу. 

Мындан тышкары, лабораторияга 8 даана техника жана 2 көчмө мобилдүү лабораториясы алынган.