icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Окуу жылдын башталышына карата жаңы мектеп ачылат

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун Караке айылында курулуп жаткан Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектебинин курулушу бүткөрүлөт. Объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

Курулуш-монтаждоо иштери “Найман ПМК” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда курулуш этабы 85 пайызды түзүп, 53 млн сомдон ашык каржыланган. 

Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук залы, ашкана, актовый зал, откана, көмүр сактоочу кампа жана сырткы ажаткананын курулушу каралган. Объекттин жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзөт.