icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Аалам Строй"ЖЧКсынын лицензиясы токтотулду

Анкара көчөсүндө жайгашкан курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында "Аалам Строй"ЖЧКсынын лицензиясын токтото туруу маселеси каралды.

 2023-жылдын 14-декабрында КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген №678 иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 21-беренесиснин 4-пунктуна ылайык лицензиат тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулгандыгына байланыштуу комиссиянын чечими менен  "Аалам Строй"ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.